www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Анда Жапаров парламенттик шайлоо таза жана ачык өтүшү керектигин айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бул биздин жарандарыбыздын өз эркин билдирүүгө болгон конституциялык укугу. Биздин мамлекеттин демократиялык негиздери кармалып турган түркүктөрдүн бири. Эч ким биздин элге өзүнүн эркин каалагандай билдирүү укугун пайдаланууга жана анык элдик депутатты тандоого тыюу сала албайт. Мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон, элдин эркин өзүнүн каалоосунан өйдө койгон жана өзүнүн ишинде мамлекеттин кызыкчылыктарын гана жетекчиликке алган депутатты тандоосу керек. Биздин жарандардын тандоосунан саясий келечек гана эмес, биздин мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өнүгүүсү дагы көз каранды болот. Дал ушул учурда ар бир жаран ким алардын кызыкчылыктарын коргой алаарына, ким чындыгында алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргой турганына өзү үчүн тандоо жасашы керек. Өз кезегинде бийлик органдары шайлоо элдин чыныгы эркин чагылдырышы үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү", - дейт президент.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости