www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шахтадагы жарылуу бейшемби күнү эртең менен болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан. Каза болгондордон сырткары ооруканадагылар жана дайынсыз болуп жаткандар бар.

Орусиянын Кемерово (Кузбасс) облусунда шахта кырсыгында 46 кенчи менен алты куткаруучу набыт кеткени такталды. Бул тууралуу РИА Новости Кемеровонун тоо куткаруучулары отрядынын командири Юрий Шеге шилтеме берип жазды.

Каргаша бейшемби күнү эртең менен "Листвяжная" шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. Алгач болжолдуу маалымат боюнча 11 киши көз жумганы айтылган.

"Шахтадагы жарылуунун кесепетинен 46 жумушчу көз жумду. Аларга жардамга бара жаткан алты тоо куткаруучулары да чыга албай калды", — деген Ше.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 13 киши текшерүүдөн өтүп амбулатордук түрдө дарыланууда, 38 адам ооруканага жаткан. Стационардагылардын 11и куткаруучулар. Мындан сырткары, 35 кенчи дайынсыз болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров каргашага байланыштуу Орусия лидери Владимир Путинге көңүл айттты.

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости