www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл душмандарын» билгичтик менен пайдаланган капиталисттер кыргыз мамлекетин жок болуу чегине жеткиришти. «Эл душмандары» жүргүзгөн бузуку саясатты уланткан көкмээлер бүгүнкү күндө да кездешүүдө.

Алардын айтымында, падышалык Россия үч кылым Осмон империясы менен тынбай согушуп, биринчи дүйнөлүк согушта да Осмон империясы Германия тарапта болуптур. Алтай, Сибирь, Урал, Орто Азия XVI кылымга чейин түрк тилдүү элдердин мекени экен.

Бирөөлөргө кошомат кылышып, жагынган жагынан алдына эч кимди чыгарбаган кыргыздардын айтымында, кыбыр эткендердин баары түрк атадан таралып, ошонун балдары болушуп, түрк тилдүү элдер болуп калыптырбыз.

Бирок Улуу Кытай өлкөсүнүн таш доорунан берки архивин аңтарып чыгышса, кыргыз кыргыз болуп жаралганы түрк ата эмес, анын чоң аталары да болгон эмес. Кийин бир нече кылымдардан соң жаралып калышса керек.

Баарын тактап келиш үчүн кыргыз тарыхчыларын Кытайга командировкага жетсе болот. Кыргызды жек көргөн «эл душмандары» кыргыз мамлекетин талкалап, саясат, экономика, идеологиясын атайылап жексеңдешип, бир жарым миллион кыргызды чачыратып ийишти. Чачыратып эле тим болбостон тилин да жок кылыш үчүн «кыргыз тилдүү элдер» эмес, «түрк тилдүү элдер» деп 30 жылдан бери кайталап келе жатышат.

Өздөрүнүн душмандыгын, арамдыгын жашырыш үчүн күнөөнүн баары СССРге, КПССке буруп коюшкан. Мамлекеттерди бири-бирине кайраштырып, бөлүп-жарып, согуш чыгаргандан да кайра тартышпайт. «Эл душмандары» өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн коррупционерлер болгондуктан, бирин-бири бекем колдогон мафияга айланышканын убакыт көрсөттү.

Баары бирдей СССРге, коммунисттик системага каршы чыгышып, тарыхты бурмалашып, капиталисттердин саясатын колдоп келатышат. Геосаясатты түшүнбөгөн «эл душмандарын» билгичтик менен пайдаланган капиталисттер өздөрүнүн погун өздөрүнө жегизип, Кыргызстанды каалагандай башкарып алышкан.

Тарыхчыларды, адабиятчыларды, жазуучуларды «түрк тилдүү элбиз ырдатып койгон «эл душмандары» деп капиталисттерге жан тартып турушса, албетте, алар алар үчүн абдан пайдалуу. Кыргыз тилдүү элдерди майда тыйын катары чөнтөгүнө салып койгон бирөөсү «баарыңар бизден тарагансыңар, бириккиле, өзүм император болуп берем» деп чыгары түшүнүктүү.

Бир келген жашоодо кыргыздардан тараган элдерди бириктирип, «Великий император» болуп, тарыхта калса эмнеси жаман? Мамлекеттер аралык согуш чыгарып, ал жактардан качып келген качкындарды Европага каптатып ийип, бүткүл жер жүзүн будуң-чанга айланткан шылуундар НАТОнун мүчөсу болуп алышканбы?

Кыргызстанга жер жайнаган мечиттерди куруп беришип, карапайым кыргыздарды цивилизацияны жек керген диний фанаттарга айлантуу маселеси чечилүүдө.

Анткени динчилдер канчалык караңгы болушса, капиталисттерге ошончолук пайдалуу болуп, аларды ич ара согуштуруу үчүн бир гана каапыр деген сөздү айтып койсо жетиштүү. 30 жылдан бери саясат, экономика, идеологиясы талкаланган Кыргызстанды сактап калуунун бир гана жолу - коммунисттик система экени анык болду.

Өлкөдөгү коррупция, мафия, уурулук, алдамчылык, кылмыш туулук, саясый сойкулук жана башка тол гонтокой кризистерди жок кылуунун бир гана жолу - коммунисттик система. Анткени бул система өсүп-өнүгүүнүн жолу элдин бийлиги экенин баарыбыз беш колубуздай билебиз.

Капиталисттердин жана «эл душмандарынын» саясатына каршы чыгышкан кыргыз эли үч жолу революцияга бекеринен көтөрүлгөн жок. убакыттын өтүшү менен «маңкурттар өлүп жок болушуп, бийликтен айдалып чыгышып, табигый жол менен азайып кее жлатышат. Бирок калган-каткандары жатып өлгүчө атып өл» дешип, мамлекетке зыян келтирип жатышат.

Алардын дөөрүгөн бузукулугун угуп жаткан кийинки муун кандай тарбия алышат? Ошондуктан президент Садыр Жапаров геосаясый афёралардан сак болушу керек. НАТОнун тапшырмасын аткарган «Великий император» кыргыз тилдүү республикаларды чөнтөгүнө салып алып, жалпы Борбор Азиянын чаңын чыгарбайбы?

30 жылдан бери далай афёраларды көргөн кыргыз эли койлорду эт комбинаткачейин баштап барып, өзү буйтап кеткен куутекени жакшы билишет эмеспи. Андай эле мусулман калкына жан тартса, НАТОнун мүчөлүгүнөн башт тартып, капиталисттердин духун түшүрүп, «Аль-Каида» менен ИГИЛди Орхан Инандыны кармап кеткендей терип жок кылбайбы?

Жок, анда эле «император» болуу амбициясы жабыркап калышы мүмкүн. Бир колу менен НАТО аркылуу согуш баштап, экинчи колу менен башка тарапка жардам берүү иретин де май куюп туруу геосаясый афера беле?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости