www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында дыйкандарга багытталган кредиттердин бизнесмендерге берилишин иликтөө үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берди.

Мамлекет башчы үстөк пайызы төмөн насыяларды депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары өзүнө тартып кеткенин белгиледи.

"Мунун арасында шайлоого катышып жаткан талапкерлер да бар. Аттарын атабай эле коёюн, этикага туура келбейт. Камчыбек Кыдыршаевич, кредиттер кимдерге берилгенин, эмне үчүн дыйкандарга жетпей калганын изилдеп, кайсы банктар бергенин текшерип чыгып чечим кабыл аласыз. Алган бизнесмендерге 15-20 пайыз күнөө болгондур, сүйлөшүү жолу менен коррупцияга барып, банктарга акча бергендир. Бирок алган бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок, "өткөн иш өттү" деп коюш керек. Банкирлерди тактагыла, эмнеге бизнеске берип жиберген. Эки айлык мөөнөттө изилдеп чыгып отчёт бересиз", — деди Жапаров.

Президент колунда тийиштүү материалдар бар экенин көрсөтүп, аларды Ташиевге берди.

Мындан сырткары, ал 1-январдан баштап министрлер кабинети дыйкандарга бөлүнгөн бир дагы сом башка жакка кетпешине көз салууну тапшырды. Аны менен катар бизнесмендер үчүн башка программалар бар экенин айтып, насыяларды ошол жактан алууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости