www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров досторуна жана тарапташтарына кайрылган аудио билдирүү тарады.
Өкмөт башчынын маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев бул аудио билдирүүнү чындап эле Садыр Жапаров жаздырганын тастыктады. Анын айтымында, Жапаров премьер-министр болгондон бери ага 30 миңден ашык СМС-билдирүү, 2000ден көп телефон чалуулар болгон. Мындан улам өкмөт башчы баарына жооп берүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, аудио билдирүү жаздырган.
"Урматтуу мекендештер, мекенчилдер, тарапташтар, баарыңарга терең ыраазчылык билдирем. Жеңишибиз жалпыбызга кут болсун! Кудайдын кудурети жана силердин күчүңөр менен жеңишке жеттик. 10 жылдап жасаган эмгегибиз кайтты. Жакшы тилек менен ишти баштадым. Азыр тыным жок иштеп жатам. Себеби мага ишенген үмүттү үзүп койсом, эл эч бир саясатчыга ишенбей калат. Элдин ишеничи өчкөндөн кийин мамлекетке коркунуч туула баштайт. Экинчиден, социалдык тармакта отурган достор, мага капа болбой турушуңарды суранам. Телефон караганга бир мүнөт да убакыт болбой жатат. Мен бардык чалуу, СМС-билдирүүлөрдү карай албай жаттым, эми да карай албайт окшойм. Анткени азыр менин мойнумда алты жарым миллион элдин тагдыры турат. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем. Жок дегенде мамлекеттин ишин бир нукка салып алгычакты таарынбай турушуңарды суранам. Андан кийин тайпаларга кирип маалымат алмашып кабарлашып турабыз", — деп айтылат өкмөт башчынын аудио билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg