www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өрттөнүп кеткен Австралиянын токойлору дрондун жардамы менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

 

2019-2020-жылдары Австралиянын түштүк-чыгышында 11 миллион гектар аянтты ээлеген токойлор өрттөнүп, 7 миллиардга жакын бак-дарак күлгө айланган. Мындан улам токой жандыктарынын, айрыкча коалалардын жашоосу кыйындап популяциясы бир топ азайып кеткен.

Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду (WWF) коалаларды сактап калуу, тукумун көбөйтүү максатында дрондун жардамы менен Австралиядагы өрттөнүп кеткен сагыз дарактарынын ордуна жаңы уруктарды себүүдө. Сагыз дарагынын жалбырактары коаланын негизги азыгы болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун Австралиядагы филиалы коалалардын санын эки эсеге көбөйтүп  5 жылдын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды сыноону жана үрөн себүүнүн башка ыкмаларын каржылоо үчүн 300 миллион австралия долларын (210 миллион АКШ доллары) чогултууну көздөйт. Ошондой эле өрттүн кесепетинен 3 миллиардга жакын токой жаныбарлары жок болгон же башка жакка ооп кеткен деп эсептейт.

"Дрондор күнүнө 40 миң үрөн отургуза алат жана бул табиятты калыбына келтирүүгө жардам берет", - деп жазылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости