www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өмүрбек Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар алган, аны Кулов, Суваналиев далилдеп берет», - деп билдирди президенттикке талапкер Садыр Жапаров телеканалдардын бирине маек бергип жатып.

«Мен азыр президенттин милдетин аткаруучу болбогондуктан айта берсем болот. Президенттин милдетин аткарып турган учурда бул нерселерди айтсам болбойт эле. Өмүрбек Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар алган. Муну бардык саясий элита, депутаттардын баары билет. Керек болсо Кулов да билет, Кулов “калп” десе, Субаналиев тастыктап берет. Негизи “Мегакомду” эки топ сата турган болгон. Бирөө Текебаевдин тобу, экинчиси башка топ болчу.Текебаевдин тобу Маевскийге сатмакчы болуп, алдын ала 1 миллион доллар алып аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган. Андан ал кийин шайлоодон утуп келгенден кийин кайра аны сатып, калган 10-15 миллион долларды чөнтөк кызыкчылыгына алмак. Ошол мезгилде “Мегакомду” чырылдап жүрүп мен сактап калгам. Жогорку Кеңештин архивин көтөрсөңүздөр турат вл видео, жада калса ал видеону азыр интернеттен деле тапсаңыздар болот», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости