www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты.
«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү Президенттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдирди.
Садыр Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүүсүнүн зарылдыгын кошумчалады.
«Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр», - деди Премьер-министр.
Ошондой эле Садыр Жапаров «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарат деген ишенимин билдирди.
«Компаниянын социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана жаратылышты коргоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат.
Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% - «Кыргызалтын» ААКга, 75% - «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.
Булак: NazarNews.kg