www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеевди мэрлик кызматка сунуштаган эмесмин. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде айтты.

Ошондой эле Жапаров Түлеевдин кызматка келгенин башында билген эместигин белгиледи.

"Ал жөнүндө ошол күнү кечинде билдим. Анткени Азиз Суракматов өзү арыз менен кетип, ордуна Түлеевди таштап кетиптир. Ал Суракматовдун укугунда болчу. Мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Мен жөн гана сунуш жөнөтөм. Нариман Түлеевди сунуштаган эмесмин. Бирок ал адам менен сүйлөштүм. Эл каршы чыгып жаткандыктан аны кызматтан кетүүсүн айттым", - дейт өкмөт башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости