www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөдө адилетсиз, мыйзамсыз отурган миңдеген жаран 15-20 күндүн же 1 айдын ичинде түрмөдөн чыгат, деди премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда BBC'нин кыргыз кызматына маек берип жатып.

«Мен түрмөгө адилетсиз, мыйзамсыз түштүм. Мени зордоп алып барып камап коюшту. Түрмөнүн ичинде мага окшоп камалган миңдеген бала бар. Менин төбөм көрүнгөн үчүн эл билип атты, журналисттер жазып аттыңар, айтып аттыңар: «Каптагаев мунун чатагы жок болчу, ал жерге катыштыгы жок эле десе да болбой эле камап койду», - деп. Же күбө жок, же жабырлануучу жок. Мага окшогон миңдеген балдарды жакшы билем. Мына бүгүн ГСНге тапшырма бердим. Ошолордун бардыгын ревизия кылгыла, жөндөн-жөн эле адилетсиз отуруп калгандар, майда-чүйдө менен отургандардын бардыгын амнистия менен чыгаралы деп сүйлөштүм. 15-20 күндүн же 1 айдын ичинде миңдеген адам түрмөдөн чыгат. Мен мамлекетке мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотом деп бийликке келдим», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости