www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Укук коргоо органдары – заказ аткаргыч органга айланды». Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун эли менен жолугушуу учурунда айтты.
Ал сот жана укук коргоо системасын реформалоо керектигин, бирок жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатканын билдирди.
«Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбого чакырам», — деди Садыр Жапаров.
Ал сот системасында сабатсыз, күн карама адамдар иштегендиктен анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатканын кошумчалап, коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын да айтты.
«Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт. Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек. Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган инвестиция келет, миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт», — деди президенттин милдетин аткаруучу.
Булак: NazarNews.kg