www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле коронавирустук инфекциянын калкка жана ишкерлерге тийгизген таасири, аларга бериле турган жардамдын жагдайлары талкууланды.

Садыр Жапаров банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоону, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартууну тапшырды.

Ал  Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча операцияларын өз учурунда ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости