www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Казакстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу.

Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байлаынштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.

ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси да каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости