www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмдөөдөн баш тарткандарга айып пул салынат

Австриянын жашоочулары эмдөөдөн баш тартканы үчүн айып пул төлөй башташат.

Бул тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Вольфганг Мукштейн билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Жаза 3600 еврону (345 000 сом) түзөт. Мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-февралында күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Австрияда жашаган 14 жаштан жогорку баардык адамдар эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилген.

Эмдөөдөн өтпөгөндөр жана борбордук реестрге медициналык себеби тууралуу тастыктама бере албагандар сот тарабынан салынган айып пул төлөшөт.

Ошол эле учурда министрлик акчалай жаза эркинен ажыратуу менен алмаштырылбай турганын билдирди.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин COVID-19га каршы эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн айып пул киргизүү идеясын жогору баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости