www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттагы реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы менен маек.

- Эл ичинде жакырдануу боюнча кооптуулук күч алды. Мамлекет тарабынан кымбатчылыктын алдын алууга кандай иштер аткарылууда?

- Кымбатчылыктын себептери Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча ушундай болуп жатат. Себеби, коронавируска байланыштуу экономикага оорчулук жаралып, баары жакшы иштебей, нефтинин баасы көтөрүлүүдө. Ошолордун баары себепкер болуп, бизге да кымбатчылык келди. Бул дүйнөлүк процесс. Өкмөт колдон келишинче аракеттенүүдө.

Ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатышат. Биздин жарандар муну түшүнүп коюшу керек. Бул глобалдуу кризис. Себептери да глобалдык деңгээлде, Кыргызстандын деңгээлинде эмес. Ошон үчүн кымбатчылык болуп жатат. Президенттин указы менен биздин бизнесмендерге абдан чоң жеңилдик берилди.

Салыктан бошотулушту. Финпол жоюлду. Ушундай жеңилдиктерди бизнес чөйрөсүндөгүлөр эч бир президенттен көрө элек эле. Эми алар өздөрүн эркин сезип, бизнести да активдүү жүргүзөт деген ойдомун. Бизде ички дүң продуктунун көлөмү башка өлкөлөргө караганда өсүүдө.

Себеби, карантинден чыктык. Келечекте дагы экономикалык өсүүлөр болот. Президенттин указы кечээ эле чыкты да. Ошол указ иштеп баштагандан кийин бизнесмендер жеңилдиктерди дагы тереңирээк сезет деген ойдомун.

Андан тышкары, экономикабызда жок багыттарды өнүктүрүүгө аракеттенип жатабыз. Бизде абдан перспективдүү, келечектүү багыттар бар. Алар азыркы күнгө чейин жакшы өнүгө элек. Биз ошого көбүрөөк көңүл буруп, ошол тараптарды өнүктүрсөк, сөзсүз түрдө экономикада дагы кошумча активдүүлүк болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости