www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештен сот реформасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун кезексиз тартипте карап берүүнү өтүндү.

Бүгүн Бишкекте сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат.

Өлкө башчынын айтымында, бардык мыйзам долбоорлору жарандардын укугун коргоого арналган. Жакында документттер парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Жапаров төмөнкү мыйзам долбоорлорун атады:

"Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу";

"Конституциялык сот тууралуу";

"Соттордун макамы тууралуу";

"Сот адилеттиги боюнча кеңеш тууралуу";

"Соттук өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу ".

Президент кошумчалагандай, бул мыйзамдар жаңы Конституциянын алкагында соттордун ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости