www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке шайлоо 31-октябрь күнү болушу мүмкүн

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 31-октябрь күнү өтүшү мүмкүн. Мындай божомолун парламент депутаты Дастан Бекешев айтты.

Парламентарий депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун окуп чыкканын өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди. Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.

Бекешев жаңы мыйзам долбоорундагы өзгөчөлүктөрдү санап берди:

«бир мандаттуулар» өзүн-өзү көрсөтсө дагы партиянын атынан кайрадан чыкса болот;

бир партия бардык 55 мандатты ала алат. Депутаттын айтымында, мурда 120 мандаттын ичинен бир партия 60ын гана алчу;

партия жетекчилери талапкерлердин тизмесин өзү түзөт. Андагы өзгөрүүлөргө шайлоочулар таасир эте албайт;

округдан чыккан талапкер күрөө катары 100 миң сом, партиялар 1 миллион сом төлөйт;

үй комитеттеринин жетекчилери үгүт иштерине катыша албайт;

саясий кызматтагы адамдар шайлоого катыша албайт. Эгер талапкер болом десе, ал кызматын тапшырышы керек.

Мыйзам долбооруна ылайык, президент Жогорку Кеңешке шайлоону добуш берүүгө 100 күн калганда же 90 күндөн кечиктирбей белгилеши керек.

Добуш берүү күнү болуп азыркы Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын акыркы дем алышы белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости