www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К.Р. Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Садыр Жапаровдун кайрылуусу:

Урматтуу автотранспорт жана жол чарба кызматкерлери, тармактын ардактуу ардагерлери! 

Сиздердин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын! 

Кыргызстандын географиялык абалы унаанын жер үстүндөгү түрүнө басым жасайт. Ошондуктан экономикабыздын өнүгүүсү, турмушка керектүү товарлардын, азыктардын, бардык нерселердин жүгүрүүсү, анын негизинде элибиздин жашоо-турмушунун оңолушу, аймактардын ыкчам өнүгүүсү, жана өлкөдө эл аралык  жана ички туризмдин кеңири жайылышы дал мына ушул жолдор менен байланышкан жана жолдорду алкагында баа берилип каралат.

Демек, автожолдор – Кыргызстандын негизги артериясы, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн өзөгү. Жолдор бардык аймактарды байланыштырып, катташтырат. Эл аралык транспорттук коридорлор өлкөбүздү башка мамлекеттер менен байланыштырып, ошондой эле өлкө коопсуздугун камсыз кылат.

Ошондуктан мамлекет жолдордун курулушуна, аларды тейлөөгө, автотранспорт тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп келген жана биз да улантабыз. 

Тарыхта шаар, айыл-кыштактардан тартып жайлоолорго чейинки салынган Кыргызстандын бүт жолдору, айрыкча Төө-Ашуу өтмөгү элдин жогорку энтузиазми менен салынган. Бүгүн да ошол жолдор элибизге кызмат кылып жатат. 

Учурдан пайдаланып, өз кесибине өмүрүнүн кырчын курактарын арнашкан, устат катары мыкты адис-шакирттерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп, өлкөбүздүн транспорттук комплексинин фундаментин түптөшкөн ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем.

Автожол тармагында биздин да пландарыбыз бар. Биринчиден, жолдор дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүгө тийиш. Экинчиден, өзүңүздөр ак ниеттүүлүк менен иштеп, жол тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө чекит коюшуңуздар керек. Бай тарыхы бар тармактын ардагерлери, күжүрмөн кызматкерлери сиздер бул ишти татыктуу алып барасыздар деп ишенем.

Урматтуу транспорт жана жол чарба кызматкерлери! Дагы бир жолу сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай каалайм. Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык, өнүгүүлөр жана жаңылануулар  болсун. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости