www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.
Анын айтымында, президент үч күндүн ичинде документке кол коюп, же каршылыгын билдирип Жогорку Кеңешке кайтарып бериши шарт.
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта берет.
Эске салсак, 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Залда отурган депутаттар дагы бир-экөө жолдо келе жатканын айтып, спикерликтен кетип жатканын билдирген. Жыйынга вице-спикер Мирлан Бакиров төрагалык кылган.
Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева жыйын ортолоп калганда чыгып кеткенин билдирди. Ал эми Каныбек Иманалиев жыйынга 41 гана депутат катышканын, анын экөө толук катышпай кетип калганын белгиледи. Мындан улам айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтып, анын дайындалышын легитимсиз деп жатышат.
Анткен менен 12-октябрь күнү ЖК вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Булак: NazarNews.kg