www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту ачык болду дегенге ичим чыкпады. Ал жерде эч кимдин талабы мыйзамдуу өтүнүч болсо да канааттандырылбаса, сот өз билгенин кылса, анын ачык болгонунан деле пайда жок экен.
1,2 метр чарчы клетканын ичинде 12 адам тыгылып турат 1-2 саат, бул деген кыйноо да. Акыйкатсыздык сот процесси баштала электе эле орун алып жатыптыр залда.
Сот менен прокурордо ыйман, гумандуулук же жок дегенде мыйзамды сыйлагандыктын бир чекесин да көрбөдүм.
Жабырлануучусу начальник милиция имиш, күйбөгөн жериң күл болот экен карап туруп. Биз деги кандай мамлекетте жашап жатабыз.
Биздин мамлекеттегилер эң эле жок дегенде кыргыздын балдарыбы деги деген ойго кептелесиң аягында деген пикирин билдирди Шамил Карабалаев.

Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон тарапташтары милиция менен тирешип, жүздөй адам кармалган. Анын ичинен 12 киши эки айга соттолгон, алардын арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар.

Бул бийликтин мындай кадамына, эл арасында кыжырдануу, бийликке болгон нараазычылы күч.

Булак: NazarNews.kg

Төмөндөгү сүрөттөр "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Талант Мамытовго таандык:

Последние новости