www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун билдирүүсүндө экс-депутатка карата козголгон кылмыш иши жаңы жагдайда каралат.

- Биз Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдайларды кароону өтүнүп кайрылганбыз. Азыр иш прокуратуранын кароосунда. Ишти кароону алар 26-ноябрга чейин узартышкан. Ошол убакытка чейин чечим кабыл алынышы керек. Ал иште жаңы жагдайлар бар. Садыр Жапаровдун бир дагы күнөөсү далилденген эмес. Ошондуктан иш жаңы жагдай менен каралып, Жапаров акталууга тийиш,-дейт жактоочусу Токтосунов.

Шарабидин Токтосунов жактоочусу мындан сырткары Садыр Жапаровго коюлган беренелер жакында бериле турган мунапыска туура келбесин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости