www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган жол кырсыгы боюнча айыпталган К.Ч. аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматы билдирет.

Чечим Ысык-Көл райондук соту тарабынан кабыл алынган. Аталган ишти кароого материалдар 19-ноябрда түшкөн. Адвокат айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана пробациялык көзөмөл орнотуу өтүнүчүнүн негизинде алдын ала соттук отурум 29-ноябрга белгиленгенин айткан. Бирок ал күнү конвой коштоп алып келе албагандыктан отурум 13-декабрга жылдырылган. Анда жактоочу К. Ч. үчүнчү стадиядагы өтө жогорку тобокелчилиги бар гипертониялык оору менен жабыркаганы тууралуу маалым кат көрсөтүп, бул камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмесине кирерин айткан. Жыйынтыгында жараян 23-декабрга жылдырылган.

Жыйында Ысык-Көл райондук соту адвокаттын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, айыпталуучуну үй камагына чыгарган.

Ошондой эле жабырлануучу тарап сотту Бишкек шаарындагы райондук соттордо өткөрүүнү сураган. Судья өтүнүчтү жактырып, аны кароо үчүн Ысык-Көл облустук сотуна жөнөттү.

Эске салсак, президенттин кортежи катышкан жол кырсыгы 4-июнь күнү Ананьево айылына жакын жерде болгон. Президенттин маалымат кызматы кортеждеги Toyota Land Cruiser каршы тилкеге чыгып алган Subaru Outback унаасы менен кагышканын билдирген. Мунун кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик кайтаруу кызматы) 37 жаштагы кызматкери, ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев каза болгон. Ал эми экинчи машинанын айдоочусу ооруканага түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости