www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги июнь айында Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган жол кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

ИИМ соттук-медициналык экспертизанын корутундусу Subaru автоунаасынын айдоочусу К. Чынжырбаев мас абалында болгону аныкталганын билдирди.

Ал эми соттук-транспорттук-трассологиялык экспертиза жеңил унаанын айдоочусу КР Жол кыймылы эрежесинин 3.3 пунктун бузганы белгиленди. Анда маягы же үн чыгаруучу сигналын иштетип бараткан автоунаалардын кортежине тоскоолдук кылууга жана аларды кууп өтүүгө тыюу салынары жазылган.

Мындан улам айдоочу Чынжырбаевге Жазык кодексинин 297 ("Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") жана 135-беренеси ("Этиятсыздыктан киши өлтүрүү") боюнча шектелип жатканы боюнча кабар берилген. Анын баш коргоо чарасы тандалып, тергөө абагына камалган.

Эске салсак, кортеж катышкан жол кырсыгы 4-июнь күнү Ананьево айылына жакын жерде болгон. Президенттин маалымат кызматы кортеждеги Toyota Land Cruiser каршы тилкеге чыгып алган Subaru Outback унаасы менен кагышканын билдирген. Мунун кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик кайтаруу кызматы) 37 жаштагы кызматкери, ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев каза болгон. Ал эми экинчи машинанын айдоочусу ооруканага түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости