www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстан Республикасына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев билдирди.

«Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп кетейин. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда», - деди Дүйшөкеев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости