www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

6-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Ленин айылынын 70 жаштагы жашоочусу К.А. унаасы менен дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын үйүнө барышкан. Үйүнүн алдында чакан кафе болгон, дайынсыз жоголгон жаранды акыркы жолу ошол кафедеги эс алуучулар менен бирге отурганын көрүшкөн.

Милиция кызматкерлери кафенин айланасынан кандын белгилерин таап, кылмыштын изине түшүшкөн. Анын жыйынтыгында Аламүдүн РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын 18 жаштагы небереси К.С.ны кылмышка тиешеси бар деген шек менен РИИБге алып барышкан.

Териштирүү учурунда төмөндөгүлөр маалым болгон: 5-март күнү кечинде К.С. менен чоң атасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, небереси чоң атасын уруп жиберген. Жабырлануучу жерге жыгылып, эс-учун жоготкон. Анын дем албай жатканын көргөн небереси балка менен башына чаап, кылмышты жашыруу максатында чоң атасынын жансыз денесин унаага салып, Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги камыштардын арасына таштап, унааны жууп, аны дагы ошол эле айылга таштап кеткен.

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон К.А.нын сөөгү жана унаасы табылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости