www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун Глазго саммитинде сүйлөгөн сөзү

Бүгүн, 2-ноябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде кыргыз тилинде доклад кылды.

Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 % кыскартуу максатын коюп жатканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду.

«Климаттын өзгөрүүсүн басаңдатууга, глобалдык өнөктүккө анын ичинен Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышууну улантабыз.

Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 % кыскартуу максатын коюп жатат. 2050-жылга чейин өлкө өнүгүүнүн жашыл платформасын карап, көмүртексиз жетишүүгө аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында ишке берилди.

Париж келишимине ылайык, мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун кызматташууга чакырам. Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы өлкөдө мындай прецеденттер бар. Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөтөргө анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардамдар зарыл.

Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдерине муктаж, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону сунуштайбыз. Атап айтканда, биз мөңгүлөр менен токойлорду сактоо, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз. Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү. Ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди. Биргелешкен аракеттер аркылуу гана көйгөйлөрүбүздү чече аларыбызды баса белгилегим келет»,-деди мамлекет башчы өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости