www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын кайсы гана телеканалдарын көрбөйлү жапжашыл, жашоо болсо керемет. Анда эмне себептен азык-түлүк дефицити күч жана башка ушул сыяктуу толтура суроолор чыгат... Ушу тапта, азыр мисалы Оруссияга чыгып кетүүнү каалап расмий арыз таштагандардын саны 11,5 миңге жетип, кезек күтүшүп атканын РФнын Ашхабаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянуу менен «Метеожурнал» басылмасы жазып чыкты.

Дагы ушунчасы ар кандай себептерден улам кармалып атышкандарын элчиликке кабарлашкан. Арасында ар кыл улуттагылар, түркмөндөр дагы. “Мындай миграциялык агым айрыкча COVID-19, учурунда тездик менен өскөнү байкалат. Ал учурда Оруссия элчилиги тарабынан айына 2-3 ириет тынымсыз самолеттук ташылуу болуп атты. Ал азыркыга чейин уланууда.

Түркмөнстандын борбордук бийлиги экономикалык турмуш чындыгын да, мигирациялык маселени да четке кагып келүүдө. Ал эми сырт жакка чыгуу визасы боюнча мамлекеттин миграциялык кызматы иш алып барууда деген пикирди карманып келет. Андай кадам менен баруу РФнын элчилигине толтурган документтерден алда канча катаал жана оор экенин өлкөдөн чыгып кетүүнү самагандар айтышууда деп жазат” turkmen.news. агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости