www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Facebookка" ээлик кылган Meta Platforms компаниясы Казакстандын маалымат министрлигинин билдирүүсүн четке какты. Мекеме 1-ноябрда казак өкмөтүнө социалдык тармактын мазмуну тууралуу даттанууга мүмкүнчүлүк берген ички системасын колдонууга уруксат берилгенин билдирген.

"Facebook Казакстанга мазмунга даттануу системасын колдонууга түз жана эксклюзивдүү укук берди. Бул система казак өкмөтүнө Facebook түйүнүнүн саясатын жана Казакстандын жергиликтүү мыйзамдарын бузган контент тууралуу кабарлап турууга жардам берет", - деп айтылган компания менен биргелешип кабыл алынганын делген билдирүүдө.

Meta Platforms компаниясынын регионалдык жооптуу өкүлү Бен МакКонахи Reuters агенттигине жазган катта кабарлагандай, казак өкмөтү менен эч кандай биргелешкен билдирүү жасалган эмес.

«Казакстан өкмөтү биздин талкууларга негизделген өз билдирүүсүн жарыялады. Талкууларда жергиликтүү мыйзамдарды бузган мазмунду чектөө тууралуу өкмөттөрдөн түшкөн кайрылууларды карап жатканыбызды айтканбыз”.
МакКонахи сөз глобалдык жараян жөнүндө жүргөнүн белгиледи.

Сентябрь айынын ортосунда казак парламентинин төмөнкү палатасы (Мажлис) өлкө ичинде жергиликтүү кеңселерин ачпаган чет өлкөлүк социалдык түйүндөргө бөгөт коё турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстан интернетти утур-утур чектеп турарын билдирип келишет.

Укук коргоочулар ошондой эле Facebook өкмөттөрдүн цензура талаптарын ашыкча аткарып жатканын сындашууда.

Өткөн айдын аягында компания аталышын Meta Platforms деп өзгөрткөн, бирок социалдык желе буга чейинки аталышын сактап калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости