www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалыматтарга комментарий берип, Москвада жумушка алууда кыргызстандыктар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын, анткени Орусия Кыргызстандын эмдөө сертификаттарын тааныбай жатканын билдирди.
«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 10-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги тарабынан эмдөө сертификаттарын таануу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Эмдөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын сертификаттарынын үлгүлөрү аларды Россия Федерациясынын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч менен дипломатиялык каналдар аркылуу Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлгөн.
Бул маселе Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууларында да көтөрүлгөн. Орус тараптын маалыматы боюнча, учурда кыргыз тараптын кайрылуусу Россия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдарында каралып, КР эмдөө боюнча сертификаттарын таануу процедурасы аягына чыга элек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Орусияда чет элдик сертификаттардын бири дагы тааныла элек.
Айтылгандарды эске алуу менен, Россия Федерациясына жумушка орношууда жана QR-коддорун алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, элчилик Россия Федерациясына иштөө үчүн келүүнү көздөгөн мекендештер үчүн Орусияда эмдөөдөн өтүү үчүн кабыл алууда тастыкталган орусиялык дары-дармектерди алуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.
КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу чет мамлекеттерде эмдөө боюнча Кыргыз Республикасынын сертификаттарын таануу боюнча иштер улантылат», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизинде.
Булак: NazarNews.kg