www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун уулу Дастан Мусталиев 2019-жылы 22-августта мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө каза тапкан. Бүгүн, Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева маркум уулун эскерди.
“Берекем Дастаным, сени эстебеген бир да күнүм өтө элек. Ар дайым оюмдасын. Сени менен ойгонуп, сени менен уктайм. Асмандагы эң жарык жылдызды сен деп элестетем. Сен төрөлгөндө жаштыгыма карабай энелик сезим менде өтө күчтүү эле. Акылдуум менин. Жанда жок боорукер, жылдыздуу элең, балам. Өжөрлүгүң да күчтүү эле. Дастан, бизде баары жакшы. Атаң аман-эсен, күүлү-күчтүү олтурат. Чыгарганга эрки жетпей, чыгарбай жатышат. Эли күндөн-күнгө атаңдын эмгегин билип, баалап, толкуп жатышат. Кудайым буюрган күнү чыгып келип, арабызга кошулуп калаар. Рустам үйлөнүп, баарыбызды кубантты. Ринат үйлөнөм деп турат. Кудайымдын жазганына баш ийдим, балам. Өзү берген, өзү алып кетти. Сенин атыңдан соопчулук кылып, балдар үйүнө барып турабыз. Кадимкидей жеңилдейм. Жетим балдар кубанса, сен кубангандай сезилет бизге. Жаз алды менен сенин атындан шарты татаал, суусу жок жаңы конушка суу чыгарып берели деген максатыбыз бар. Көп адам сени жоктоп келет. Досторуң, чогуу иштешкендериң жана жакын туугандарың. Ар бир адамдын жүрөгүнөн өзүндүн жөнөкөйлүгүң менен орун алган экенсиң балам. Рустам сенин атыңдан Умрага кетти. Аллах кабыл кылсын! Жаткан жериң жайлуу болсун, Аллах бейишинен берсин, балам”, деп эскерген Айгүл Жапарова.
Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун каза болгон уулу Дастан Мусталиев Silk Road International School мектебинде окуп, КРСУда билим алган. Дастан Мусталиев төрт бир туугандын катарын толуктаган үйдүн улуусу болгон.
Эске сала кетсек, маркум Дастандын атасы Садыр Жапаров ушул тапта Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат. Экс-депутат "2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган" деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.
Булак: NazarNews.kg