www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз биримдик менен гана ири ѳлкѳлѳрдүн геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктарынын таңууланышынан, таасирлеринен коргонобуз.

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Сагындык Келдибаев бүгүн Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Капчал, Ак-Терек, Түз-Бел, Кысык-Алма айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда айыл тургундары тарабынан талапкерге суроолор жана сунуштар арбын болду. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жериндеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору жана партиянын программасына багытталды. Ак-Терек айылынын тургуну тарабынан Евразиялык тандооңуздардын себеби эмнеде? – деп узатылган суроого талапкер төмөнкүчө жооп берди.

“Евразия – Биздин тарыхый жана маданий аралыбыз, биздин цивилизация, биздин үй. Анын борбору Борбордук Азия болсо, жүрѳгү – Кыргызстан. Жаңы Евразиялык интеграция Кыргызстанга ѳзүнүн кѳз карандысыздыгын сактап, экономикалык жактан ѳнүгүп, руханий жана маданий, тарыхый ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ сактап, ѳнүктүрүү үчүн керек. Биз биримдик менен гана ири ѳлкѳлѳрдүн геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктарынын таңууланышынан, таасирлеринен коргонобуз. Демек, бул стратегиялык, саясий, аскердик коопсуздук.  Евразиялык тандоо биздин ѳлкѳнүн тарыхтагы, саясаттагы, аймактын  эле эмес, дүйнѳнүн экономикасындагы ордубузду аныктайт. Биз дүйнѳлүк саясий процесстердин активдүү бѳлүгү экенин билдиребиз.”

Жыйынтыгында, айыл тургундары талапкерге ийгилик каалап, ак батасын берип узатышты. Белгилей кетсек, Сагындык Келдибаев VI чакырылышта да элдин колдоосуна ээ болуп, эл өкүлү катары эмгектенген.

Последние новости