www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Канат Сагымбаевдин камалышы тууралуу саясатчы, Эмилбек Каптагаев өзүнүн пикирин социалдык тармагы аркылуу билдирди.
"Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камалышы коомчулукта өйдө-төмөн пикирлерди жаратып, кызуу талкууга түшүп калды... Ошол күндөрү анын аракеттеринде мыйзам бузуу барбы же жокпу айтуу кыйын, азыр тергөө жүрүп жатпайбы... Акыйкаттык болот деп ишене туралы...
Бирок, ошол жан сакчыларды АРАБӨК абалга калтырган кырдаал сөзсүз түрдө Койташ окуясы боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссияда каралып, териштирилиши зарыл деп эсептейм. Бул өтө маанилүү.
Менин жеке оюмча "Экс-президент" деген макам алынып салынгандан кийин бул макамга байланыштуу баардык башка жагдайлар дагы жокко чыгарылышы зарыл болчу, анын ичинде ЖАНСАКЧЫЛАР маселеси дагы...
Ошондой эле, жансакчылар УКМКнын кызматчысы катары Атамбаевдин жанында калып жаткандан кийин ушуга окшогон кырдаалдагы милдеттери дагы так инструкция катары аларга айтылып, эскертилиши да зарыл болчу, алар билиши керек эле - эгерде органдардын адамдары Атамбаевди мажбуру түрдө суракка алып кетебиз десе кандай аракеттер туура, кандай аракеттер туура эмес экендигин", - деп билдирүү калтырган Эмилбек мырза.
Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды.
Булак:NazarNews.kg