www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Аскар Шадиевдин кызы Саадат сотко арыз менен кайрылды. Анда Саадат Аскарова “Төрт мезгилдеги Карвен” ЖЧКсынын жарым үлүшүн кайтарып алууну көздөгөн. Арыз Биринчи май райондук сотуна жазылган.

Маалым болгондой, биринчи инстанция арызды канааттандырган. Бирок Башкы прокуратура буга макул болбой, соттун чечимине каршы чыкты. Жогорку соттун маалыматына караганда Аскар Шадиевдин кызы аталган эс алуу борборунун камакка алынган үлүшүн бошотуу максатында Башкы прокуратурага жана УКМКнын Башкы тергөө кызматына жазган арызын Бишкек шаардык соту караган.

Арыз ээси “Төрт мезгилдеги Карвен” ЖЧКсынын түптөөчүсү атасы Шадиев эмес, өзү экенин белгилеген. Ошондуктан ал 2018-жылы компаниянын 22 пайыз үлүшүнө салынган камакты алып салууну суранган. Ал Юстиция министрлигиндеги 2018-жылдын 11-апрелинде Аскар Шадиев түптөөчүлөрдүн курамынан чыкты деген маалыматка шилтеме жасаган.

Бирок 17-сентябрда Башкы прокуратура жана соттук коллегия бул биринчи инстанциянын Саадат Шадиеванын пайдасына чыгарган чечимин жокко чыгарды. Иш боюнча өндүрүш токтотулду.

Аскарбек Шадиев бир жыл мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Болгондо да Баткендеги дарыядан кечип өтүп, Тажикстан аркылуу Америкага сапар тарткан. Ага дейре Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгына иштетүү боюнча кылмыш иши ачылып, коомчулукка дүң болгон. Андан бери бир жарым жылдай убакыт өттү, Шадиевден кабар болгон эмес. Эми кызы атасынын алдырган байлыктарын кайтаруунун камын көрүүдө. Бул тууралуу маалыматты «Жаңы Ордо» гезити жазып чыкты. 

Такталбаган маалыматтарга таянсак Саадат Аскарова, качкын Аскар Шадиевдин өзүнүн кызы эмес. Ал эми атасынан калган байлыкты талашкан Саадат Аскарова арызында “Төрт мезгилдеги Карвен” ЖЧКсынын түптөөчүсү атасы Шадиев эмес, өзү экенин белгилегени таң калычтуу...Айтылуу Ак үйдүн ичинде болгон "ушактардын" баарын сыртка ташып жүргөн Кайып Шери айткандай "чыпалактай" сөөгү ката элек кыз мындай көз кызарткан кыймылсыз мүлктү кайдан алды экен?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости