www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда көп балалуу үй-бүлө жашайт. Баланын көбү жакшы, бирок, ар бирине кетчү чыгашанын өлчөмү да ошончолук көбөйөт эмеспи. Үй-бүлөнүн атасы ар кайсы кара жумуштарда иштеп, жашоого азыноолак каражат табат.
Бирок, үй-бүлөдө кейиштүү окуя орун алып, жалгыз багуучусу болгон ата оор иштен белин кокустатып, төшөктөн турбай бир нече күн жаткан. Андан кийин да кез-кезде бел оорусу кармап, бир канча күндү кыймылсыз өткөрүүгө аргасыз болуп келет. Мындай учурда чоң үй-бүлө жегенге азык таба албай, кыйынчылыкка туш болушат. Дүйнө мээримдүү адамдардан куралат деген кеп бекер чыкпаптыр. Бул үй-бүлөгө кайрымдуулук колун сунгандардын шарапаты менен бул жылы үйлүү болушту. Тар болсо да, менчик үй куруп кирип алышканына төбөлөрү көккө жетип кубанып турушкан чагы. Бирок, жерди бөлүп төлөө түрүндө сатып алышкандыктан, 130 000 карыздары бар. Андан тышкары алты баланы кийинтип-ичинтүү азыркы замандын шартында жеңил эмес.
Кыйынчылыкка кайышпай, балдарынын жаркын келечегинен үмүт этип жашап аткан Гүлжан Кайкиева 29- декабрда өзү айтмакчы «күтүлбөстүктөн айтаарга сөзүн таппай калды». Себеп дегенде, бул үй-бүлөнүн муктаждыгын уккан саясатчы Камчыбек Ташиев алты баланы тарбиялап өстүрүп жана дагы бир ымыркайдын жарык дүйнөгө келишин күтүп жаткан үй-бүлөгө Жаңы жыл алдында Аяз Атанын милдетин аткарды.
«Биз көп кыйынчылыкты көрдүк, бирок баарынан кыйыны бул үйдү сатып алган сууга курганыбыз болду. Мен балдар менен үйдө отурам, күйөөм жалгыз иштейт. Бирок, тигиндей кырсык болуп, белин кокустатып алгандан кийин күйөөм дагы жылына эки жолу иштөөгө жарамсыз болуп калат. Азыр эски толчок базарында иштеп акча таап келет. Бирок, бул иши туруктуу эмес, бирде болсо, бирде жок», - дейт Гүлжан Кайкиева.
Бул аял адамдарга ыраазычылыгын билдирүүдөн тажабайт. Бир канча убакыт мурда бейтааныш эле адамдар үй-бүлөгө уй тартуулашкан. Ошондон бери балдар ак ичип оңуп калышты. Кайрымдуу адамдар аз эмес экенин билсе да, жыл тогошоор күнгө жакын калганда кадимки Камчыбек Ташиев өзү үйүнө кирип келээрин такыр күтпөгөнүн айтат.
«Мен абдан кубанганымдан айтаарга сөз да таппай калдым. Камчыбек Ташиевге, элибизге ыраазычылык билдирем. Биздин эл чынында кайрымдуу эл», - дейт эне. Камчыбек Ташиевдин бул биринчи кайрымдуулугу эмес. Мындан мурда да айтылган, айтылбаган далай жакшы иштерди жасап, жакшылыкка көзү чачырап турган нечен адамдын сообун алган. Анын жүрөгү турмуштун бороонуна кабылган, көп балалуу үй-бүлөлөрдү көргөндө кайышып кетээри бекеринен эмес.
Анткени, ал да ушундай 11 балалуу, бирине тартса, бирине жетпеген жупуну жашоону карманган үй-бүлөдө төрөлүп, эрезеге жеткен. Бала кезинен эле айлана-чөйрөгө кайдыгерлик сактабай, колунда болгонун башкалар менен бөлүшүүгө дилгирленип өскөн. Бул жолу да муктаждыгы арбын бул үй-бүлөнүн кабарын угаары менен бир күндүн ичинде белек-бечкегин көтөрүп, келди. Дарбазадан короого киргенде саясатчыны жаш балдар жана кичинекей баласын көтөргөн эне жарданып тосуп алышты. «Мен силерге Аяз Ата болуп келдим», - деди Ташиев энесинин кучагында турган наристеге таттуу сунуп жатып.
Саясатчынын алып келген азык-түлүгү бул үй-бүлөнүн түйшүгүн бир топ жеңилдетээри турган иш. Анан да береги жаш балдардын көңүлүнө белгилүү адамдын кайрымдуулук колун сунушу элге төбөсү көрүнгөндөргө карата да жылуу ойду пайда кылып, табияттан берилген боорукердик сапат адам канчалык ийгиликти багындырса да төгүлбөй сакталаарына ишенимин арттырат.
«Мен бул үй-бүлөнүн кыйынчылыкта жашап жатканын кечээ угуп, бүгүн келдим. Барып акыбалдарын өз көзүм менен көрүп, колумдан келген жардамымды берейин дедим», - деди Камчыбек Ташиев. Ошентип, күтүлбөгөн жерден барып, алты баланын кубанычына ортоктош болуп, ата-эненин ыраазычылыгына татыган саясатчы бул жылдын чыныгы Аяз Атасына айланды. Бийиктикке чыккан сайын жерге жакын болуп, боорукердик сапаттан ажырабаган сиздей адамдар көп болсун, Камчыбек Кыдыршаевич.
Булак: "Майдан kg"