www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдагы эң ыйык абийир дегенди азыркы саясатчылар таман алдында калтырышты. Эзелтен эле өлкөнүн бийлик башындагылар күчтүү атаандаштарынан кутулуу үчүн ар кандай арамза амалдарды ийге келтирип, атаандаштарын күм-жам кылып турушкан. Ошол эле Исхак Раззакковду кантип жаманатты кылып Москвага айдап жиберишкени боюнча аңыз кептерди угуп калганбыз. Ал эми Турдакун Усубалиев кызматтан жылмышканда биринчи ирет Барпы Рыспаев жогорку трибунадан усубалиевщинадан кутулдук деп жар салган. Андан кийин мамлекетти башкарып калган Абсамат Масалиевдин деле каршылаштарына алы келбей тактысын алдырып жибергени боюнча да кызыктуу фактылар бар. Аттан оодарууга кызыктар болгон мурдагы өкмөт башчы, башка анын жандоочтору дале болсо сыйлуу жерде жүрүп калышат акылдуу кептерин айтышып. Көрсө саясат дегендин бети жок болот турбайбы. Бүгүн тиштешсе, бүрсүгүнү кайра кучакташып калгандары кантип желкеңди кашытпасын? Айтор, тескери учкан жагалмайды так ушундай өңүттөгү саясатчылар учурууга маш болушат экен.

Аскар Акаев келгенде деле турмуш оң жагына оңолуп кетпеди. Эң жакын досу Мисир Ашыркулов менен акыры кырды бычак болушуп тынышканы коомчулукта түркүн имиштерге ээ болгон. Кошоматчылар анын үйүрүнө кирип алып, Бекболот Талгарбековго окшогондор өлкөнүн ырыскысына эпсиз доо келтиришти. Ал киши азыр дагын эч кимге кереги тийбеген кептерин айтуу менен алек.

Убактылуу өкмөтпүз деп келгендердин накта жүзү тез эле ачылып калды. Роза Отунбаеванын этегине жамынып кызмат мыкчыгандардан азыр сабырдуусу Эмилбек Каптагаев десек неге болбосун? Калгандары жөн гана саясаттагы өнөктөштөрү десек болот. Калтасында шылдыр эткен сөлкөбайы жоктугун моюндашып ажолукту Алмазбек Атамбаевге беришкенин Өмүрбек Текебаев деле моюндаганы бар. Тилекке каршы жонуна камчы ойногон соң кээ бир мурдагы пикирлештери ойт беришип, башкача үн салышканын далай көрдүк. Биротоло майтарыш үчүн болгон Атамбаевдин аракети толук тилегине жетпей калды. Эски саясатчыларды өзү айткан “дөбөгө” кое албагандыгына жамы журт дагы ичи толбой турат. Ээрден шыпырылганда көпөлөктөй чарк айланып учкан Иса Өмүркулов Атамбаевди күйшөгөндө жерге түкүрбөгөн киши калбады. Алмамбет Шыкмаматовду эми жамаса да Текебаевге жамачы болбойт. Тосмодон чогуу секирген Талант Мамытов мындан ары Канат Исаевдин короосунда болору да ачыкталды. Чынында эле отуз жылдан бери саясаттын камырын ийлеп жүргөндөр эми дагын баш көтөрүүдөн ичиркенбей турушканы жинди кашайтууда дегендердин катмары калың. Бирок, саясатка илээшип алгандар союл менен куусаң да кетер түрү көрүнбөйт. Т‑ээ бир кезде ылымсак болгондор шайлоонун карааны чоңойгон сайын мурдагы карманган позициясынан тескери кетишип, бири-бирин эзгилей баштаганы аң сезими бар адамдын куйкасын куруштурганы ырас. Малайзияга даң салар алдында Азимбек Бекназаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун короосуна каралжын таштарын үйүп кетти, ар кайсы эпсиз кептерин айтып. Жогору жактан соккон шамалдын кээри акыры келип өзүн ээн талаага айдабаса болгону деп кепшегендердин жөнү бардай. Кызмат үчүн жанын садага чабуудан аянбаган адамдардан кайсы жакшылыкты күтмөк элек?

Арийне, шайлоо алдында бороон-чапкындын дарамети күчөөрү турган иш. Эми мандатка жетиш үчүн лидерлер, парламентке жулунгандар айгай сала бири-бирин жакадан алуудан кайра тартышпайт. Тымызын өпкөгө соккондор да тим жатышпастыр. Капчыктуулардын арабасын жулкунтуп алгалатууга жүздөгөн пиарчылар катышаары калетсиз. Башка жугунду төкмөй, акты кара кылып таштоо, асылмай, булгамай, жардан ары кулата салуу ого бетер алоолонуп түтүн бүркө баштайт. Бетин кар менен жышкандар, чапан, калпак кийгизип урматтагандар, тойлордо өкүл ата болгондор, аяш аталар, өкүл балдар өз жүздөрүн тастыктап беришет. Эң өкүнүчтүүсү-мурдагы үзөңгүлөштөр достон душманга айланганы болуп турат. Ким билет, кырдаал өзгөргөндө азыркы бийликтин төбөлдөрүнө тизе бүгүп жүгүнгөндөр өңдөрүн өзгөртүп, туталанып, койнундагы котур ташып колуна алып урганга обдулаары да айныксыз. Демек, бетсиз саясаттын эпкини баарыбызга зыяндуу экенин дагы бир ирет баса белгилеп кетели. Кайсыл бийлик келсе да Акылбек Жапаровго, Каныбек Иманалиевге, Кожобек Рыспаевге окшоп эптеп коломтого кирип алган, кожоюнду мактаганга уста, куржунунда алтын сөлкөбайы барлар кайрадан ак үйдү ээлеп аларын ойлогон сайын төбө чачтар жалпайып жатып калганын да кепке кыстара кетели. Коомду ушундай шылуундар булгап жатканын билсек дагы алардын токочуна алданып калганыбызды кантебиз? Эмнеси болсо да пейилди агартуунун, акчага эмес абийирге баа берүүнүн, мээни оң тарапка иштетүүнүн мезгили келди! Тегирмендин барасына түшүп майдаланып кетпөөнүн изги жолун табууга болорун да кыпчып кетпесек баяныбыз супсак бойдон кала берерин эске салып коюну туура таптык.

Ж. Улукшер

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости