www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абийири кеткен «саясаттагы ворлордун» тизмеси: Ф. Кулов, А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Сапар Исаков, Талант Мамытов, Равшан Сабиров, Канат Исаев, Урмат Аманбаева, Албек Ибраимовдор жана башкалар. «Воры в законе» СССРде XX кылымдын 20-30 жылдары пайда болгон. Ал кезде Сталин кылмышкерлер дүйнөсү менен айыгышкан күрөш жүргүзүп жаткан. Ошол кезде кылмышкерлердин туу чокусу өздөрүн «Воры в законе» аташып, бийликке каршы аттанышат.
«Воры в законе» кылмышкерлер дүйнөсүндө өзүнчө «воровской кодекс», «воровской закон» же «понятие» киргизишкен. Ушул мыйзамдын негизинде криминалдык авторитеттер кылмышкерлердин жыйынын «сходка» өткөзүшүп, ошонун чечимин бек сакташат. «Воры в законе» башкаларга «понятие» менен жашоого үлгү болууга тийиш болгон. Аларга үй-бүлө күтүүгө, үй-жайлуу, мүлктү болууга, бийликтеги мамкүйөөлөр менен кызматташууга тыюу салынган. «Воры в законе» криминалдык дүйнө менен чын пейилде болуп, жалпы иш үчүн кызмат кылып, кылмышкерлер дүйнөсүнө жаштарды тартып туруш керек эле.
Криминалдык дүйнөдөөз катарын татыктуу кармап, алар таажы кийгизип жаңы «ворлорго титул берип турушкан. «Воры в законе» өз «понятиеси» боюнча киши өлтүрүүгө, зордуктоого, уурулукка жана баңги заттар менен соодалашууга жол берген эмес. Андан тышкары алар аксакалдарды сыйлап, жетим-жесирлерге жана көп балалууларга колдон келишинче жардам берип турган. Азыркы «ворлор» 90-жылдары түзүлүп, «понятиеде» өзгөчөлүүлүктөр бар.
Буларды туурайбыз деп «Саясаттагы ворлордун» абийири кетти. Алсак, Куловдун айынан Кыргызстан Орусияга эмне үчүн 238 млн карыз болуп калганын тактап алса болмок. 238 млнго Орусиядан Кыргызстанга металл келип түшүп, Куловдун «көсөмдүгү» менен Кытайга сатылып кеткен. Ошол учурда Кулов өлкөбүздүн вице-премьери болуп турган. Ошондогу вице-президент Феликс Куловдун укугу кеңири болгонун, спиртти кайра иштетүүгө жана сатууга, алтын казып алууга, металлдарды ташууга лицензия берип турган. Ошол кезде эле түрмө жыттанып турган Феликс Кулов кыргыз эли үчүн эмес, Акаев үчүн кызмат кылгандыктан мындай айыптан кутулуп жүргөн. Азыр эне тилин билбеген Кулов байлыгынын барын уйгурларга салып бергени тууралуу сөз болуп жатат. Кулов вице-президент болуп турганда бүтүндөй темирди сатып бүтүрдү, кыргызды РЕSAK программасына айдап киргизип, анын натыйжасында нечендеген завод-фабрикалар талкаланды. Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Кулов аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду? Эмне кыргыз элинин сурап алары жок бекен? Эртели –кеч чыгат да...
Кулов тарабынан сатылган 9 аскердик учак, 12 вертолеттон түшкөн миллиондор кайда житип жок болду? «Фрунзе -1»» аскер шаарчасын, авиаполкту, ошол кездеги көшөгөнүн артында жашынып турган куловдук «Тосор» фирмасын кайда жашырабыз? Чүй облусунда губернатор болуп турганда Кулов чуулгандуу «Химсинтез» ишине кабылды. Кулов Бишкекте мэр болуп турганда стационардыке соода борборлорунун жүгүртүүдөгү каражаттын 15 пайызын салык түрүндө алып турганын эл унутабы? Анда коммерциялык күркөлөрдүн кожоюндарынын көздөрүнөн кан кан аккан кайда барба Кулов менен милицияда иштеген Марсел сыяктуу инилерин каргап-шилеген адамдар кезикчү. 2007-жылы апрелдин башында Көтани менен «Бириккен, фронт» деген коом түзүп, нааразы болгондорду каршылык митингине багыттайт да, өздөрү бийлик менен соодалашып элди түйшүккө салып кете берет. «Бириккен фронттун» желектери «Россия» кинотеатрынын артындагы ажаткананын жанында бок-жинге аралашып кала берет.
Калганы деле бекер жерден камалбаса керек.Эмне үчүн 150 миллион долларга ТЭЦти оңдоттурам деп Бакиевдик бийлик сүйлөшүп жатса, муну Сапар Исаков да билет, Атамбаевдин заманында 386 миллион долларга чыгып кеткен? Суроо көп жооп аз, башка «саясаттагы ворлор» тууралуу өзүнчө кеп болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg