www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова баяндама жасады.
Мыйзам долбоору жарандар Асан Токтоналиев менен Болотбек Чокморовдун кайрылууларына байланыштуу КР Эмгек кодексинин 427-беренесинин Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү иши боюнча КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы чечимин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.
Конституциялык палатанын чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен Эмгек кодексинин 427-статьясын жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Ага ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет.
Талкууда депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорундагы саясый кызмат адамдары боюнча суроо жарата турган маселе жоктугун белгилеп, калган жана башка кызмат адамдары боюнча тактоолорду 2-окууда кароо зарылдыгын билдирди. Буга бир катар депутаттар дагы пикирлерин билдирип, 2-окууда түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштарын беришти.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg