www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий кырдаал чынын айтканда, эл күткөндөй болбой жатат. Президент Жээнбековдун кадр саясатына ичи чыкпагандар четтен табылат. Мына ушундай чакта, коомдук пикирди түзөп кетүүгө ажонун чоң мүмкүнчүлүгү бар... Эгер коомчулук билсе, 5-майда КР Конституция күнү белгиленет. Ага карата абакта жаткандарга жыл сайын амнистия берилет эмеспи. Кимге ырайым кылат, мамлекет башчынын эркинде. Мына ошонун шылтоосу менен, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков ж.б. саясий туткундарды эркиндикке чыгарып жиберсе болот.
Бул биринчи кезекте өлкө башчысынын эл ичиндеги кадыр-баркын көтөрөт, анан да Европа визитинде бул маселе талкуулангандыктан, эл аралык коомчулуктун алдында да демократ президент катары пикир калыптанат. Өз убагында, абактагы саясий туткундар Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, азыр да аны жактаган билдирүүлөрдү тынбай берип келатышат. Келечекте бул саясий туткундар президентке өбөк-жөлөк болуп, саясатта карыздар болуп калышат. А бул эртедир-кеч кереги тийе турган нерсе.
Булак: “Майдан.kg”