www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясый сойкулуктун чеги болобу?

Албетте, болбойт. Эмне үчүн? Анткени, “сасык саясат” деген ошол да.

Мисалы, жакында эле парламентаризмдин диктатурасы жеңген Кыргызстанда батышчыл лжедемократтардын жетегинде укугу чектелген, эт менен челдин ортосунда эмгектенип келген, эрксиз, жоопкерчилик деген эмне экенин билбеген, Мамдептин (АКШ) Кыргызстандагы “көмүскө резиденти” Жээнбеков мырзаны улуу инсан Исхак Раззаковго теңеп, “ошол кишидей эл атасы болууга татыктуу” деп жан-алы калбай сүрөп келген саясат таануучу, эксперт Табылды Акеров мырза бүгүн кыргыз коомчулугунун абсолюттук көпчүлүгү (80%) өз эрки менен шайлап алган, эл тагдырынын жоопкерчилигин толук мойнуна алган президенттин ишине шек келтирип, “керек болсо, кайра шайлоолорго да барууга дайын болуш керек” деп каңкуулап, жойпуланып отурганы пардон – ашынган саясый сойкулуктун классикалык үлгүсү эмей эмне? ( “Жаңы Ордо”, 3-декабрь, 2021-ж.).

Мындай “талант”, албетте, ар кимде эле боло бербейт. Ага үн кошуп чыккан Ош коогалаңы, 2010-жылкы окуясынын “каарман аялы” Роза Отунбаева айым, Ош окуясынын “каарман коргоочусу” (Фурхат тараптан мылтыктын үнүн угуп, вертолетко түшүп качып чыккан) Исмаил Исаков мырза “эми башы менен таш сүзгүлөсө дагы эч ким “баардыгы таза” деп эч кимди ишендире албайт го дейм...” деп колун ушалайт.

Жана да көчүгүн качырып, шыйпалактап турган мурдагы УӨтүн аткаруучу идеологу Эмилбек Каптагаев мырзанын ж.б. ушуларга окшогон ээнооз, “шкурник”, чыккынчы опузачылардын шайлоону шылтоо кылымыш болуп, тынч жаткан элди козутуп жаткан жосунсуз жоруктары, тфү-тфү, жолдо калсын (!) дейличи.

Анткени, акылман Чыгыш эли айткандай, “Кербен жүрө берет, ал эми ...” дегендей, кылым карыткан улуу кыргыз элинин патриот уул кыздары жана көрөңгөсү күчтүү, акылы терең, пейили кенен, генетикалык коду таза ата-бабаларыбыздын илимдүү-билимдүү урпактары турганда, ар бирибиз өз ордубузда, эл ишеним артып тапшырган өз ишибизди мыйзам ченемдүү, токтоолук жана сабырдуулук менен тез жана так аткара беришибиз керек.

Бул биздин конституциялык укугубуз жана жарандык милдетибиз. Башка жол жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости