www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖОЖдордо окуу акысы үч жыл бою көтөрүлбөй турган болду

Кыргызстанда жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуунун акысы (контракт) үч жыл көбөйбөйт жана өзгөрбөйт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон "Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыкта белгиленет.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматында, жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майыптыгы барларга, I жана II топтордогу майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

"COVID-19 коронавирус пандемиясы жайылып, республиканын аймагында өзгөчө абал режими киргизилгенден бери студенттерден контракттын наркын азайтуу, окутууга акы төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, төлөө системасын кайра карап чыгуу жөнүндө келип түшкөн кайрылуулардын саны көбөйгөн. Мындай кайрылуулардын өсүшү баарынан мурда пандемия мезгилинде көптөгөн үй-бүлөлөр киреше булагынан айрылып, окуунун толук наркын төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондугу менен байланышкан", - деп жазылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик ЖОКдордо окутуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 32 391 сом, чет элдик жарандар үчүн 48 876 сомду түзөт. Жеке менчик окуу жайларда окуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 55 100 сом, чет элдик жарандар үчүн 96 396 сомду түзөт.

Кыргыз Республикасында 73 жогорку окуу жайы иштейт, алардын ичинде 33 мамлекеттик жана 40 мамлекеттик эмес окуу жай бар. 2020-2021-окуу жылында 219 030 студент билим алууда. Алардын ичинде 184 миң 871 студент – мамлекеттик, 34 миң 159 менчик окуу жайларда билим алат. 26 446 студент – гранттык негизде, 192 584 контракттык негизде окуйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости