www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун жыйынга келбегенине нааразы болду.

"Бүгүнкү жыйынга Акылбек Жапаров эмнеге келген жок? Акылбек Жапаров кайда? Ал киши депутат болуп турганда министр жыйынга келбесе ар дайым көзүнө сайып турчу эле. Жалган болсо кесиптештер айтсын", - деди ал.

Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында экенин айтты.

Нышанов: "Сиз тажрыйбалуу министрдин орун басары болосуз. Жуманын башталышында комитет жыйыны болот деп министрлер кабинети чогулуштарын түштөн кийинкиге койсо болбойбу?" - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости