www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте Сайдулла Нышанов деген депутат бар. Эл өкүлү деп айткандан дагы уяласың. Ошол депутат Бишкектин “Ататүрк” паркынын аймагында (жашыл зона) жер тилкеси бар экендигин моюндады, айтымында аны убагында бепбекер алган имиш. “Ар бир жаран өмүрүндө акысыз жер тилкелүү болгонго укуктуу, мен ошол укугуман пайдаланып, 2007-жылы жети сотых жер тилкесин алгам, ар кандай справкалар үчүн эле миң сомго чыгым болгом” – дептир, тообо. Андан дагы “мага участок алганга укуктуусуз, арыз жазыңыз дешти, мен арыз жаздым, көп өтпөй кызыл китеп тапшырышты” – деп мактаныптыр.

Биринчиден, “маа” демек түгүл бир эмес он жер тилкесин сатып алсын. Кеп тилкеде эмес, кеп ал тилке кайсыл жерде, кандай аймакта берилгенинде!

Экинчиден, буларга окшогон жепжутарларда башка өкмөт, башка мыйзам иштейби? Арыз жазып койсо эле кызыл китеп бере салгандай? Миңдеген жарандарыбыз “Ататүрк” эмес шаардын четинен жети сотых эмес жети метр жерге ээ боло албай тентип жүрүшөт. “Эл өкүлү” болгондон кийин ошолордун укугун коргоп чыкса кана. Ошол эле маалда “мени менен катар башка депутаттар дагы ошол аймактан участок алган” – деп күйгүзгөнүчү. Алгандарын Нышанов эле эмес бешиктеги бала дагы билет. Эми ушул депутатты "Ата Мекенчил" деп ким айтат? Бирок "эшегине жараша тушагы"- дегендей лидери кандай болсо башкасы деле ошондой "ишкерлер да". "Ишкерлердин" партиясы болбосо Жоомарт Сапарбаев сыяктуу мыкты кадрларды шакылдатып иштетпейт беле. Андай мыктылардын ордуна акчанын күчү менен ушундай жепжутарларды алып келбей. Эми эмне дейбиз, жашыл зонадагы жер участкаңызга жакшы бир хан сарай тургузуп алышыңызга тилектешпиз, аман эле болгула...  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости