www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин деңгээли үч пайызбы?

“Депутаттык шайлоонун босогосу үч пайыз болушу керек”. Мына ушундай пикирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу учурунда айтып чыкты.

“Мына, кимди каалайсың, үчөөң биригип партия түзгүлө, жаш балдар. Ошол үчөөң өтүп келе аласыңар. Болгону 50 миң добуш жыйнаш керек. Муну биз өкмөт, президент, парламентке кеңеш катары түшүндүрүп айтышыбыз керек. Артык кылабыз деп тыртык кылып ала турган убакыт келип калды. Эски системалар бүгүн иштебейт. Ошондуктан элдин ичиндеги нааразычылыкты азайтып, ишеничти кайрадан мамлекеттик органдарга алып беришибиз керек”, -дейт Текебаев.

Эске сала кетсек, кечээ, 22-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ар-Намыс» сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости