www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда не деген гана сөздөр бар аттиң. Бири эзилип-элжиреп, жакшы маанайда айтылса ошолорго уйкашы эле куйканды куушурат. Маселен “искейин” деген сөз бар. Мунун мааниси жыттайын деген эле түшүнүктү берет. Илгери көрөгөч кишилер ким болбосун анын максаты, адамдык касиети, тирүүлүктөгү орду жаатында аны жытында аны жытынан эле таанып, кимдигин аныктап коюшкан тура.

Анын сыңары “жыты” илгертен эле тааныш бирөө бар. Ал азыр Жогорку кеңештин депутаты. Сайдулла Нышанов дегенди таанысаңар нак ошол. Кезинде “БНК” деген мунай сатуучу компанияга ээлик кылчу. Аны сатып жиберген деген сөз да бар. Кыскасы ошол “жыттуу” Сайдулла мырза Бажы тармагындагы миллиондор үчүн ким жооп берет деген суроону кабыргасынан койду.

Аныгында туура маселе, миллиондордун уурдалганы айдан ачык көрүнсө дагы үн катпай олтура бергенибиз болбойт го. Бирок, ушул маселени Сайдулладан башка киши көтөргөндө куп жарашат эле да…

Анткени, Сайдыкени башка партияда туруп, бөлөк партияга көчүгүн кылтыңдаганын элдин баары билет да. Принцип, кадыр барк деген куру жалактар акыл үйрөтө баштаганда иттей “искегиң” келет экен да…

Булак: "Де-Факто"

Последние новости