www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сайпидин Султаналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына карантин тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Окумуштуулардын божомолдору боюнча, бул вирус дүйнө жүзүндө миллиондогон өмүрдү алып тынат. Аны менен катар эле мындай абалдын экономикалык кесепети карапайым калк үчүн андан да коркунучтуу.

Ал эми байлардын абалы башка. Кээ бир "кыргызбайлардын" кирешеси кайсы бир деңгээлде сакталып турса, айрымдары дал ушул мезгилден пайдаланып азык-түлүккө өздөрү каалаган бааны коюп сатып оңбогондой киреше таап жатышат.

Буга чейин күнүмдүк тапкан акчасына жан багып келген карапайым калк учурда кыйынчылыкты баштарынан кечиришүүдө. Карантин дагы улана берсе калктын дал ушул катмары жабыр тартат. Андыктан Өкмөт чукул чечимдерди кабыл алышы керек. Көзөмөлдү күчөтүү менен кээ бир ишканаларды (ансыз деле толуп жаткан ишканаларыбыз жок) базарларды, ишке киргизүү зарылчылыгы жаралууда...

Ар бир жумушка барган адамга жоопкерчилик жүктөлүп, коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, тартипти күчөтүп, эрежени бузгандарга катуу чаралар колдонулушу керек - деди Сайпидин Султанов.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзу боюнча каза болгондордун саны 110 миңге жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 400 миңге жетти.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. 79 медик коронавирус жуктуруп алып, үчөөнүн абалы оор экендиги айтылды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости