www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыраматылык СССРдин тушунда илим-билимге, чоң-чоң кызматтарга ээ болгондордун көпчүлүгү - мурунку малайлар менен кулдардын тукумдары ошол мезгилдеги системанын саясаты менен бийлик бутактарына келип илинген. Мындай пикирин журналист Сайпидин Султаналиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
"Шаардагы мамлекеттик кызматкерлердин семинарларына, конференцияларына, жолугушууларына, отурумдарына катышып калам. Калп айтпасам ошолордун 90% расмий тилде өтүлөт. Же катышуучулар 100 адам болсо, ошонун 5 адамы орус тилдүү болгону үчүн орус тилинде алынып барылат.
Мамлекет башында олтурган "эл жакшыларынын" көпчүлүгү орус тилдүү, Президенттик Аппаратта, Өкмөттүк Аппаратта, министирликтерде иштеген кызматкерлерибиз орус тилинде иш алып барышат. Дегеле өлкө мыйзамы да алгач расмий тилде жазылып анан гана мамлекеттик тилге которулат.Анан суроо туулат! - Эмне үчүн мындай? Жооп жөнөкөй. Орусча сүйлөгөн кыргыздардын 80-90 пайызы советтик системада калыптанган, курсак тоюп күн өткөнүн чоң жеңиш катары эсептеген нигилстлюмпен-дердин тукумдары, ошолордун небере, чөбөрөлөрү. Аны далилдөөнүн анчалык эле кыйынчылыгы жок.
Ыраматылык СССРдин тушунда илим-билимге, чоң-чоң кызматтарга ээ болгондордун көпчүлүгү - мурунку малайлар менен кулдардын тукумдары ошол мезгилдеги системанын саясаты менен бийлик бутактарына келип илинген. Алар жакыр, кембагалдардын тың чыкма балдары болушкан. Себеби, Совет бийлиги кыргыздын бай-манаптарын кулак катары сүргүнгө айдап, алардын бала-чакаларын куугунтукка алып, репрессиялап жок кылынгандыктан К. Тыныстанов, С. Карачев, И. Арабаев, Ж. Абдырахманов ж. б. у. с. кыргыздын чыныгы уулдары улуттук тил жана маданиятын сактап калуу далалатттары үчүн күнөөсүз жерден айыпталып, Совет бийлиги тарабынан репрессияланышкан. Алардын бардыгы оокаттуу үй-бүлөдө туулган, билимдүү, чыныгы патриот инсандар болушкан. Ал эми жогорудагы инсандардан айырмаланган, бирок ошолордун эле катарында кызмат кылып, бийлик бутактарын ээлеп, чыныгы патриот таза кыргыздарды “ЭЛ ДУШМАНЫ” кылып көрсөтүшкөн, чыныгы мамлекеттик патриотторду сүйбөгөн, чындык үчүн күйбөгөн дагы бир “чөөлөр тобу” болгон. Алар кедей-кембагал, жарды-жалчы, кулдардын уул-кыздары...
Булар өз жандарын аман алып калуу үчүн ошол мезгилдин ыплас саясатына жан дили менен кызмат кылып, айткандарына моюн сунуп, тизе бүгүп келишкен. Буларды таза кыргыз деп айтууга болбойт. Себеби, кулдар, малайлар кыргызга жоокерчилик учурда калмактардан же бир башка улуттардан колго түшүп калып, кул катары кызмат кылып, отунун жагып, күлүн чыгарып, кара жанынын камын көрүп жүрүп, үй-бүлө күтүшүп кыргыздашып калышкандар. Так ушундайлар Совет бийлиги орногондо “кызматчы” болуп чыга келишти. Учурдагы бийлик башында турган, кыргызча сүйлөгөнгө аракет да кылбаган, башка өлкөлөргө жагынып сүйлөгөн, коррупцияга малынган мамлекеттик чиновниктер дал ошол КУЛДАРДЫН небере-чөбөрөлөрү.
"Кум жыйылып таш болбойт, кул чогулуп баш болбойт” дегендей, тексиздердин тукуму эч убакта кыргыз элинин бүтүндүгү, суверендүүлүгү, келечеги, тили, дили, маданияты үчүн күйүп жанбайт. Кыргызча сүйлөгүсү келбегендер өздөрүн аябагандай «грамотный, интеллигентный, культурный» деп сезишет. Айрыкча адамдын сырткы келбетине карап мамиле жасашат, Элеттен келгендерди ачык эле кемсинте карагандары да толтура. Жөнөкөй нерсени түшүндүрүп айтуунун ордуна кемсинте карап, сынай тиктеп, кыйтыр жылмайып кытмырланып турушат. Кул тукумунда жоопкерчилик деген да болбойт. Алар эң биринчи кезекте кара жанынын камын, өз кызыкчылыгын гана ойлошот. Себеби, кулдар кара курсактын гана камын көрүп жашашкан. Ошондой эле алар эки жүздүү. Керек учурда сатып кетишет. Эң башкысы – курсагы ток болсо болду. Өзүнүн гана кызыкчылыгын коргойт. Себеби андай адамдар өздөрү бирөөгө жагалданып, жатып кызматка келишкен. Демократиялык өнүккөн мамлекетти куруу алардын оюна да келбейт. Кыргыз эли өз келечегинин камын ойлосо “КУЛ ТУКУМДАРЫН” бийлик бутагына жолотпош керек!
Жакында боло турган шайлоодо кыргыз эли өз тандоосун жасайт. Элибизге эң чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Андыктан элибизди алдыда келе жаткан шайлоодо Мекен алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырам!" , - деди Султаналиев.
Булак: NazarNews.kg