www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сайпидин Султаналиев:

Акыркы жылдарда дүбүртү катуу чыгып келе жаткан кыргыздын белгилүү режиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмасынын улуттук бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага  кимдер катышты, кимдер кандай сүйлөдү ал өзүнчө тема...

Сиздер менен фильмден алган таасирлерди жана көрүүчүлөрдүн уктап жаткан жан-дүйнөсүнө тийгизчү сезимдер тууралуу оюмду бөлүшкүм келди. 

“Акыркы көч” тасмасы эгемендүүлүккө ээ болгону кыргыз киносунун практикасында кездешпеген жаңы нерсени көрүүчүлөргө сунуштай алды десек болчудай.

Фильм башынан аягына чейин шарттуу-символикалык ыкма менен өнүгүп жүрүп отурат. Тагыраак айтканда, авторлор өмүрүнүн көпчүлүгүн кыргыздын руханий байлыгын арттыруу багытына жумшаган жазуучу Кубат Алиевдин образы аркылуу азыркы илим менен техниканын өнүгүп жаткан учурунда адамзат өзү аңдап сезе билбей жаткан проблемаларды чеберчилик менен ачып берген.

Фильм ак-кара түстө тартылып, көркөм өнөрдөгү көп жанрлардын синтезинен куралган. Аны кинопоэма десе да жарашат. Кеп атында эмес, затында деңизчи. Бирок, бир сөз менен айтканда, кыргыздын терең философиясын өз ичине камтыган чыгарма.

Фильмдин ак-кара түстө тартылгандыгынын өзү адамды кандайдыр бир ой-чабыттарга жетелейт. Агынан карасы, чындыгынан жалганы ашып бара жаткан оомал-төкмө дүнүйөдө өлкөбүздөгү чыгармачыл адамдардын, агартуучулардын бүгүнкү абалы, алардын көйгөйү, үмүт-тилеги талданган. 

Маселен, Кубат Алиевдин образы бүгүнкү күндө жоголуп бара жаткан асылдык наркты, улуу сапаттарды кайтарып келүү боюнча адамзатка чакырык таштаса, көр турмуштун артынан сая түшкөн жакындары анын мүдөөсүнүн түпкүрүн түшүнө алышпайт.

Эпизоддук ролдо берилген мугалимдин образы аркылуу өсүп келе жаткан муунду тарбиялап, окутуп, келечекке жол багыт берүүчү агартуучунун жан-дүйнөсүнүн тайкылыгы берилет. Мугалим үчүн улуу муундун уңгулуу мурасы эмес, күнүмдүк кумар аркылуу материалдык байлыкка ээ болуу негизги максат. 

Кубат Алиевдин китеп текчесинде турган улуу дөөлөттөрдү кармалап көрүп жаткан мугалим “мындай эски буюмдардын кимге кереги бар, ыргытып ийиш керек”, - деп жатканы-учур көйгөйү. Агартуучулардын руханий ачкалыгы. Демек, коомдун жан-дүйнөсүнүн тарып бара жаткандыгынан кабар берет.

Ар бир көрүүчү тасмада айтылып жаткан ойду, философияны терең анализдеп түшүнүүгө аракет кылса, дүйнөгө болгон көз караш өзгөрүп, табити калыптанат. Ата-бабалардан калган улуу мурастын учун улайт.

Кудайга шүгүр дейли уучубуз куру эмес экен. Дегеним, Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу сыяктуу "Эй, эл-журт! Материалдык байлыктан жогору турган руханий баалуулук деген бар!" - деп эскерткен  жаратмандар турганда Улуу көчтүн сапары арыбайт...

Сайпидин Султаналиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости