www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бай жараталыш ресурстары менен Казакстандын экономикасы алдыга кетти. бул тууралуу Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу, Норвегиянын эл аралык мамилелер институтунун илимий изилдөөчүсү жана эксперт Жавлон Жураев билдирди. 

--"Бай жараталыш ресурстары менен Казакстандын экономикасы алдыга кетип, бул өлкөдө ИДӨнүн киши башына үлүшү 10 миң долларга чыгат. 2013-жылы бул көрсөткүч 13 миң долларга чейин көтөрүлгөн.

Түркмөнстанда дагы табигый байлык экономиканын өзөгүн түзөт. Бул өлкөдө ИДӨнүн киши башына үлүшү 6 миң долларга барат. Бирок Түркмөнстан табигый ресурстарын өндүрүп ошонун эсебинен эле жашап, экономиканын калган тармактарын өнүктүргөн жок. Экономисттердин тили менен айтканда муну "ресурстук каргыш" дешет.

Өзбекстандын жогорудагы эки өлкөгө караганда жаратылыш ресурстары азырак. Андыктан ИДӨнүн киши башына үлүшү 2 миң доллардан да аз. Мындай көрүнүштүн дагы эки себеби бар. Биринчиси, Өзбекстандын калкы көп, экинчиси, коррупция айынан колдо бар ресурстар натыйжалуу пайдаланылбай жатат", - дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости