www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бийлик 30 жыл ичинде мактоого татыган иштерди аткара алган жок", -деди бүгүн, 2-сентярда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.
- Төлөгөн мырза, эгемендик алганы мактоого алардык иштерди жасай алдыкпы?
- Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонуна 30 жыл болду. Мынча убакыт ичинде эч нерсеге жетишкен жокпуз. Бийлик баланча, түкүнчө иштерди аткардык деп мактанышы мүмкүн. Бирок, 30 жыл ичинде мактоого татыган жакшы иштерди аткарыша алган жок. Аны Казакстандын мурдагы президенти Н. Назарбаев ачык айтты. “Кыргыздар 30 жылда эч бир иш калышпады” деп. Жарандык согуш болгон Тажикстандын эконмикасы алдыга өстү, өз күчтөрү менен дүйнөдөгү чоң ГЭСтердин катарын толуктаган ГЭС курушту.
Казакстан болсо 100дөгөн завод, фабиркаларды, жаңы шаарларды курушту. Элдин жашоо шарты оңолду. Өзбекстан болсо кандай өнүгүп жатат. Өзбекстандын курулуш товарлары Кытайдан кийинки эле орунду ээлеп, биздин базарды ээлеп алды. Мурдагы СССРден таркаган Республикалардын ичинен эң артта калган өлкө Кыргызстан болуп калды.
- Эмне үчүн Өзбекстан, Казакстандай болуп өнүгүп кете алган жокпуз?
- Анткени, эгемендик мезгилде өлкөнү 1000ге жакын саясий элита келемиштер жеп, карызга батырышты.
- Дүйнөлүк тейтингде кандай орун ээледик?
- Дүйнөлүк рейтингде Афиркадагы Зимбабе өлкөлөрүнүн катарында турабыз. Ошондуктан, мындай ийгиликтерге жетиштик деп айта албаймын. Айтканга далил да жок.
Булак: NazarNews.kg