www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте маркум Элдос Турсунбековго сакал өстүрүү боюнча операция жасаган дарыгерлердин лицензиясы болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтикалык кызматты лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Аман Осмонов билдирди.

Анын айтымында, сакал алмаштыруу операциясын жасаган дарыгерлердин бири косметологиялык клиникадан кеңсени ижарага алган. «Дарыгер 2025-жылдын 1-мартынан бери иштеп келген. 2023-жылы рейддин жыйынтыгында клиника лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган. Андан соң айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген», — деди Осмонов.

Бишкекте жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург, флеболог Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон.

Последние новости